• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чүйдө 17 жаштагы өспүрүм асынып алды

10 Жалган куран 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, Ысык-Атада 17 жаштагы өспүрүм асынып, каза болду

Маалыматка ылайык, 8-мартта райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмүнө жашы жете элек баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өспүрүм өзүнүн үйүнүн короосунан табылган. Ал К.Ш. экени аныкталган. Милициядан сыртынан кароо жүргүзүүдө денесинен жарат алган издери табылбаганын белгиледи. Өспүрүм өлөр алдында өзүнүн телефонуна видеокайрылуу жасап кеткен. Ал өзүнүн жакындары менен коштошуп, алардан кечирим сураган”, — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 174