• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Үч жашар уулу менен дайынсыз болгон келин изделүүдө

24 Баш оона 2020 18:38 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 34 жаштагы Маргубахан Сейитова менен анын үч жаштагы баласы Данил Сейитов изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Изделип жаткан 34 жаштагы аял уулу экөө ушул жылдын август айынын башында байланышка чыккан бойдон дайынсыз.

Маргубахан Сейитованын өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, арык чырай, чачы кара, чап жаак. Жайкы кийимчен экени айтылат.

Данил Сейитов бою 70 сантиметр, чачы кыска, сары түстө, кулактары делдейген.

Эне-бала тууралуу маалымат билгендерди Аламүдүн райондук милициясы нөөмөт бөлүмдүн 0(312) 36-35-27, 0(312) 36-35-23, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99 телефон номерлери аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.

Количество просмотров: 2438