• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүй ОИИБдин жетекчилиги бычакталып көз жумган кыздын ишин көзөмөлгө алды

29 Аяк оона 2020 10:38 Бишкек Govori.TV

Төмөнкү Ала-Арча айылында бычакталган кыздын иши Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМ, ОИИБ жана РИИБдеги тажрыйбалуу кызматкерлерден турган топ тарабынан ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 26-сентябрда түн ичинде аталган айылдагы үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Үйдө 62 жаштагы Т.Ж. (эркек киши) менен 26 жаштагы кызы Т.А. бар болчу. Кол салган адамдар аларга бычак менен жаракат келтиришкен. Оор жаракат алган кыз көз жумуп, атасы ооруканага жеткирилди. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталган. Эркек киши кечээ, 28-сентябрда, оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулган.

Количество просмотров: 351