• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалды

11 Бирдин айы 2022 13:11 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын 39 жаштагы жашоочусу Ш.Б. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 29-январында болжол менен саат 00:00 дөн 09:00 гө чейин убакыт аралагында Аламүдүн айылындагы көчөлөрдүн биринен анын «ДАФ ФТ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоуунасынын 2 даана аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 23 жаштагы Л.А., 26 жаштагы У.Я. жана 33 жаштагы Р.А. аттуулар кармалышкан. Шектүүлөрдүн ичинен 23 жаштагы Л.А. убактылуу кармоочу жайга камалап, Р.А. жана У.Я. аттулардын үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Териштирүү учурунда шектүү Л.А. Аламүдүн районунун аймагында ушул сыяктуу дагы бир нече кылмышка катыштыгы бар экендиги боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 158