Чүй районунун Вознесеновка айылында 17 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-майда болжол менен саат 1:00 чамасында Панфилов районунун милициясына өспүрүм сарайда асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Тактоо иштеринин жүрушүндө асынып алган жаран 2004-жылы А.А. болгону аныкталган.
Факт бирдиктүү реестерге катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 17 жаштагы А.А. Кара-Балта шаарында 2001-жылы туулган бир тууган агасы менен жашаган, ал эми Вознесеновка айылындагы туугандарынынкына барып турчу.