Чүйдүн Панфилов районунда 57 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 14-июнга караган түнү милицияга зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар адамдын сөөгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталды.
«Милиция кызматкерлери каза болгон киши Кум-Арык айылынын 1964-жылы туулган тургуну С.Э. экенидигин аныктады. Чүй ОИИБдин жана Панфилов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Г.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш шектүү менен маркумдун урушунан кийин жасалган. Жигит эркекти сабагандан кийин аны таштап, качып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.