• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Чүйдө баңги кылмышына шектелген УКТ мүчөсү кармалды

5 Бирдин айы 2024 13:04 Бишкек Govori.TV

Чүйдө баңги кылмышына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ыкчам кызматтары кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманган жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана сатуу каналын турукташтырып алган жарандар жөнүндө маалымат алышкан. Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылы кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектүүлөрдүн бирин-мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун 1983-жылы туулган жашоочусу К.А.ны кармашкан.

2024-жылдын 3-февральда башкармалыктын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Аза Большой” лакап аттуу К.А. аттуу жарандан ширенкенин кутусундай таңгакталган каннабис чайыры (гашиш) табылып алынган.

Кармалган жаран Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 283- беренеси менен кылмыш иши иликтенүүдө.

Количество просмотров: 545