• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көлбаев үчүн өч алуу ниетинде… УКМК массалык башаламандыкка чакырган шектүүнү кармады

23 Үчтүн айы 202516:26 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети массалык башаламандыкка чакыруу шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады.

Атайын кызмат массалык баш аламандык уюштурууну көздөгөн уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында 1988-жылы туулган «Огуз» каймана аттуу КР жараны Б.Э.Б. кармалды. Ал жоюлган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган. Шектүү 2013-жылы КР Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (1997-ж. редакциясы, Адам уурдоо) менен, ошондой эле 2022-жылы КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси («Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо») боюнча соттолгон.

Кармалган Б.Э.Б. социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жок кылынган К. Асанбек үчүн өч алуу ниетинде массалык баш аламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык баш аламандык») менен кылмыш иши козголуп, кармалган Б.Э.Б. Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилген, учурда жогоруда аталган фактылар боюнча кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 364