• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКТ мүчөсү баңгизат сатууга шектелип кармалды

24 Бирдин айы 202516:24 Бишкек Govori.TV

Ош жана Баткен облустарында баңги затын таратуучу канал токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февралда УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен ыкчам иш-чарасынын натыйжасында, козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын сактоого жана сатууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

Тактап айтканда, 1988-жылы туулган А.А.Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты.

Ушул жылдын 17-февралында биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Баткен шаарынын аймагында кармалып, КР Жаза-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 195