• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө балдар үйүнөн качып кеткен өспүрүм изделүүдө

4 Бугу 202115:40 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Вадим Колесник изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2006-жылкы Колесник Вадим Александрович 31-март күнү Военно-Антоновкада жайгашкан балдар үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Өспүрүм буга чейин бир нече жолу балдар үйүнөн качкан. Акыркы ирет ал 2020-жылдын декабрь айында табылып балдар үйүнүн өкүлдөрүнө берилген.

«Өспүрүм Бишкекте кайырчылык кылып жүрөт деген маалыматтар бар», — деп айтылат маалыматта.

Баланын бою 145 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, кой көздүү. Баланы көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарласа болот: (0312) 43-01-27,(0312) 43-88-85; (0312) 60-75-67; 0558 86 14 86,0701 80 18 03.

Количество просмотров: 143