Чүй облусуна Баткенден эвакуацияланган 69 жаран жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалган унаа менен жолго чыгышты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар облустун Аламүдүн районундагы Байтик айылында №47-кесиптик лицейинин жатаканасына, Таш-Дөбө айылындагы «Кампус» жатаканасына жайгаштырылган.
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Достук, Карабак, Кулунду, Таш-Тумшук, Ак-Сай жана Самаркандек айылдарынан келген 69 жаран 4 кичи автобус менен жеткирилет. Ал эми унааларга кетүүчү күйүүчү майды ӨКМ камсыздап жатат.