• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө белгисиз адамдар кызын өлтүрүп, атасын бычактап кетишти

27 Аяк оона 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Бет кап кийген белгисиз адамдар Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үй-бүлөгө кол салышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча 26-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 03:11лер чамасында Аламүдүн райондук милициясына каракчылык фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөо топ аныктагандай, 26-сентябрь күнү саат 02:50дө бет кап кийген белгисиз эки адам Төмөнкү Ала-Арчадагы үйлөрдүн бирине кирип, 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А., атуу кызын бычактап, андан соң из жашырып кетишкен.

Маалым болгондой, кыз алган жараатынан улам каза болгон, атасы болсо Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жазык кодексинин 130-беренесине («Киши өлтүрүү») ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 674