• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө бир жума ичинде 38 мас айдоочу кармалып, жоопко тартылды

29 Тогуздун айы 2018 17:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Өткөн апта ичинде Чүй облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалында унаа башкарып жүргөн 38 айдоочу кармалды. Ар кандай эрежелерди бузган 98 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан бүгүн, 29-октябрда маалымдашкандай, 22-октябрдан 28-октябрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусу боюнча жалпы 4 миң 745 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды.
Анын ичинен 1024 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 8, документтери жок унаасын башкарган 74 айдоочу жоопко тартылган.
Количество просмотров: 12