Чүй облусунда браконьерликке каршы чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку төрт күндүк майрам күнүндө, 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин облуста 11 аңчылык эрежесин бузуу фактысы катталган.
Жаратылыш ресурстары министрлиги бул көрсөткүчтөр мындан да көп болушу мүмкүн экенин, анткени мыйзам бузуу фактыларынын баары аныктала электигин кошумчалады.
Андыктан, браконьерлердин көбөйүп баратканын эске алып, башкармалык облуста жаратылышты коргоо боюнча иш-чараларды күчөтүүдө.