• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Чүйдө чөп жүктөлгөн унаа толугу менен күйүп кетти

13 Теке 2022 16:53 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Федоровка айылында 130түк чөптү жүктөп келе жаткан камаз унаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя аталган айылдын В.Ленин көчөсүндө бүгүн, саат 13:48 чамасында орун алган. Кырсык катталган жерге1 бөлүм чыгып, саат 15:12де өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 1190