• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Чүйдө эки баласын бычактады деген шек менен аял кармалды

13 Аяк оона 202512:21 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 12 жаштагы кызды жана 2 жаштагы наристени бычактады деген шек менен энеси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда саат 19:28 чамасында Чүй районундагы үйлөрдүн биринен жашы жете элек балдардын сөөгү табылган.

«Окуя болгон жерге дароо тергөө-оперативдик топ чыгып, 12 жаштагы кыз жана 2 жаштагы наристенин сөөгүн бычактан алган жаракаттар менен тапкан. Факты боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, балдардын сөөгү Токмок шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилди. Зарыл соттук-экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары маркумдардын М.М. аттуу энеси кармалды.

Количество просмотров: 282