• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Чүйдө эски мектеп өрттөндү

8 Теке 2022 12:44 Бишкек Govori.TV

Чүйдө эски мектептин имараты өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июлда Москва районунда ири өрт чыккан. Такталган маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодское айылында эски мектептин имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Эски мектепти каптаган тилсиз жоону токтотууга Москва райондук №15 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт кечки саат 19:50дө чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Болжол менен 500 чарчы метр күйүп кеткен мектептеги өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 197