• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдөгү тоо лыжа базалары кышкы туристтик сезонго даяр

13 Бештин айы 202416:06 Бишкек Govori.TV

 Чүй облусунда тоо лыжа базаларында – “Төө-Ашуу”, “Орловка”, “ЗИЛ”, “Чуңкурчак” жана “Кашка-Сууда” кышкы туристтик сезонго даярдыкка мониторинг жүргүзүлдү.

Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, Төө-Ашуу базасында кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашып, үч жумадан бери иштеп эс алуучуларды кабыл алууда.

Ал эми, Кашка-Суу бул жумада кардын аз катмары болгонуна карабай, кар замбиректери менен жасалма газон жасап, жолдорун ачты.

Ошондой эле, ЗИЛ жана Чуңкурчак базаларында кар азырынча аз. Лыжанын сезону бир жумадан кийин башталат.

1840 метр бийиктикте жайгашкан Орловка базасында да кышкы сезон 20-декабрдан кийин ачылат.

Белгиленгендей, жалпысынан бардык базалар туристтерди кабыл алууга даяр.

Количество просмотров: 189