• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдөгү жол кырсыктан эки айдоочу жабыркады

6 Жалган куран 202011:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Торугарт унаа жолунун 45-чакырымында жеңил унаа менен жүк ташыган кичи автобус кагышты. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 5-мартта болжол менен 22:30дар чамасында катталган. Анда «Мерседес Спринтер» унаасы чыгыштан батыш тарапка бара жаткан жолдо «Тойота Эстима» унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1969-жылы жана 1995-жылы туулган айдоочулар жаракат алган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 352