• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө интернаттан качкан балдар 5 күндөн кийин табылды

25 Кулжа 202113:25 Бишкек Govori.TV

Чүйдө балдар үйүнүн тарбиялануучулары 5 күндөн кийин аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар үйүнүн директору укук коргоочуларга кайрылган. Окуя 20-июнга караган түнү саат 02:00 чамасында болгон. Бул түнү 3 окуучу — 2004-жылы төрөлгөн С.Ж., 2006-жылы төрөлгөн Н.В. жана 2009-жылы туулган А.Э. качып чыгышкан. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Издөө иштеринин жүрүшүндө, балдар 25-июнга караган түнү Бишкек шаарынан табылып, интернаттын өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 222