Чүй облусунун Сокулук районунда күйөөсү тарабынан сабалган аял милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жубайлардын өздүгү такталган. Анда 1979-жылы туулган К.И. аттуу жаран суралып, ал Сокулук айылында үй-бүлөсү менен чогуу жашай турганын билдирген.
«2022-жылдан 19-июлунда болгон аялы менен пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин жана ага таарынып аялы көчөгө чыгып кеткендиктен анын артынан эшикке чыгып колунан кармап жетелеп келе жаткан учурда ал кулап жерге отуруп алгандыгын билдирген. Ы.А. аттуу аял жолдошу И.К. эч кандай зомбулук кылбаганын айтып жолдошуна арыз жазуудан баш тарткан», — деп жазылат маалыматта.