2-сентябрда социалдык тармактарды көзөмөлдөө учурунда Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз жарандын эки мышыкты тээп ыргытып жибергени тартылган видео аныкталган, деп билдирет Октябрь райондук ИИБнын басма сөз кызматы.
Бул факт боюнча материал Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын маалыматтарды каттоо журналына катталды.
Тергөөгө чейинки текшерүү дайындалып, башталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1970-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран кармалды. Кармалган жаран тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын тергөө кызматына жеткирилди.