• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдо үйдөн 44 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган

21 Тогуздун айы 202517:49 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында 44 жаштагы аялдын өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Ысык-Көл облустук милициянын маалыматына ылайык, 19-октябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардагы үйлөрдүн биринде аял киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон дарекке барып, ал жерде үч бөлмөлүү үйдүн уктоочу бөлмөсүндө төшөктө жаткан аялдын сөөгүн табышкан. Окуя болгон жерде жүргүзүлгөн сырткы кароо учурунда маркумдун денесинде кандайдыр бир күч колдонулган белгилер байкалган эмес.

Өлүмдүн себептерин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ушул тапта тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Тергөөдө маркумдун жарандык никедеги жолдошу, 43 жаштагы (К.Б.) адам көрсөтмө берип, 18-октябрда экөө Каракол шаарындагы батирге барып, ошол жерде түнөп калышканын билдирген. Экөөнүн ортосунда кызганычтан улам кайым айтышуу болуп, үйдөн чыгып кетип, жарым сааттан кийин кайра келгенин билдирген. Ошол учурда маркум дем алуусу кыйындаганын айтып, суу ичкен. Жолдошу эжесинин үйүнө кетип калганын айткан. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 230