• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүйдө кампадан ири өрт чыкты

6 Бирдин айы 202218:56 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Маевка айылында жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 15:32де чектөөгө алынган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жеринде абалды көзөмөлгө алууда.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Теги:
Количество просмотров: 241