• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Чүйдө каналга түшүп кеткен 4 жашар баланын сөөгү табылды

21 Бугу 201916:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Чүй облусунда каналга түшүп кеткен 4 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда саат 09:53төр чамасында Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылынын Осмон-Темир көчөсүндө жайгашкан каналга 2015-жылы туулган Ө.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткен.

Издөө иштерине жалпысынан ӨКМдин 10 куткаруучусу, ИИМ кызматынан 10 кызматкер жана 10 жергиликтүү тургун тартылган. Болжол менен саат 10:33тө куткаруучулар тарабынан жаш баланын сөөгү денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


Количество просмотров: 16