• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүйдө мыйзамсыз аңчылык кылгандар айыпка жыгылды

3 Бирдин айы 202515:56 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалып, айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмү Чүй облусунда рейддик иш-чараларды өткөрдү. Анын натыйжасында бир нече жарандар мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн кармалды.

Мыйзам бузган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Аңчылык эрежелерин бузуу» беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, 50 миң сом айып салынды.

Количество просмотров: 196