• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө окуу жылынын башында коомдук транспорттор балдарды бекер ташыйт

30 Баш оона 202015:32 Бишкек Govori.TV

Жаңы окуу жылынын башында Чүй облусундагы коомдук транспорттор балдарды бекер ташыйт. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуста 1-сентябрдан тарта 1-класска барган окуучулар мектепке барып билим алышат. Алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн “Көңүл бургула, балдар!” аттуу иш-чара уюштурулат.

«1-сентябрдан 15-сентябрга чейин коомдук унаалар окуучуларды бекер ташыйт. Айдоочулардан унаага окуучуларды жана башка жүргүнчүлөрдү да аралыкты сактоо менен отургузуу талап кылынат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 283