• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө өрттөн эркек киши каза болду

25 Жалган куран 2021 10:14 Бишкек Govori.TV

Новопокровка айылында турак үй өрттөнүп, эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 96