• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чүйдө салмагы 6,5 кг болгон ымыркай төрөлдү

3 Үчтүн айы 2024 16:50 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунда бүгүн салмагы 6,5 кг болгон «баатыр» бала төрөлдү. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ымыркай кесарева жолу менен жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайдын апасы 35 жашта, бул анын бешинчи төрөтү.

Количество просмотров: 241