Чүй облусунда санитардык-карантиндик посттордун саны кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда Чүй облусунда 330дан ашык посттор уюшулган.
«Бишкек комендатурасы тарабынан дагы 14 пост орнотулган. Учурда 9 пост калды, 3 санитардык-карантиндик постту, 3 фильтрдик постту жана 3 элдик кошуундар тарабынан уюшулган пост. Алар Аламүдүн, Сокулук районунда орнотулган», — деди Намазалиев.