• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө сарай менен мончо өрттөндү

6 Бирдин айы 202515:15 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында бүгүн, 6-февралда турак үйдүн жанында сарайда жана ага катарлаш мончодо өрт чыккан.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттө сарай менен мончо толугу менен күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылып, өртү турак үйгө өткөрбөй сактап калышкан.

Тилсиз жоонун болжолдуу көлөмү 100 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 235