• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Чүйдө темир жолдун боюнан өспүрүмдүн сөөгү табылды

30 Чын куран 2022 10:59 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Военно-Антоновка айылында темир жолдун боюнан өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде милиция бөлүмүнө Военно-Антоновка айылындагы темир жолдон баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, өспүрүм 16 жаштагы К.Р., аттуу бала экендиги аныкталган.

Аталган факты каттоого алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 285