• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө турак үй өрттөнүп, 2 киши каза болду

18 Жетинин айы 2020 12:16 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда турак үйдүн чатыры өрттөнүп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маевка айылынын Ж.Гвардия көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2 адам (аты-жөнү, жынысы такталууда) каза болду.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 104