• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, улгайган аял каза болду

22 Бештин айы 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Москва районунда турак үй күйүп, 74 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Чапаев көчөсүндө жайгашкан №7 турак үйдөн чыккан өрттөн 74 жаштагы кемпир каза болгон. Өрт саат 05:31де чектөөгө алынган.

Учурда окуянын себептери такталууда.

Количество просмотров: 82