• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Чүйдө туристтер келе жаткан поездге таш ыргытылган

11 Чын куран 202518:06 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда белгисиз бирөөлөр Европа мамлекеттеринен келген туристтерди ташып бара жаткан поездге таш ыргытышкан. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Окуя 8-апрель күнү саат 22:00дө Кант — Аламүдүн тилкесинде болгон. Поезд Балыкчыдан келе жаткан жана анда Европа мамлекеттеринин жарандарын ташып бара жаткан.

«Мындай аракеттер жүргүнчүлөргө олуттуу ыңгайсыздыктарды гана жаратпастан, алардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Кыргызстандын эл аралык аброюна терс таасирин тийгизген кылмыштуу аракеттердин натыйжасында өлкөбүздүн коноктору жапа чегип жатканына жол берилбейт», — деп жазылат билдирүүдө.

Милиция окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Темир жол линиясынын боюнда жайгашкан калктуу конуштардын жашоочулары аң-сезимдүү жана жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүгө чакырылган.

Бул быйыл өлкөгө келген биринчи туристтик поезд.

Количество просмотров: 298