• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө жаандын кесепетинен жолдорду суу каптады

18 Бугу 202012:29 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда 17-майдын кечинде нөшөр жаандан кийин үйлөрдүн короосун жана жолдорду суу каптады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын Бер-Булак айылында арыктардан ашкан суу 30 үйдүн короосун жана жолдорду каптаган. Ошондой эле Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында арыктан ашкан суу жолду каптаган.

«Адамдар жабыркаган учур катталган жок. Куткаруучулар тазалоо иштерин түнү менен жүргүзүштү»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 158