• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чүйдө жергиликтүү тургундар жол тосушту

19 Чын куран 2022 13:12 Бишкек Govori.TV

Чүйдө жергиликтүү тургундар жолду тосушту. Маалыматты Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайк, 2022-жылдын 19-апрелинде саат 10:30дар чамасында Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ленинское айылынын аймагындагы жолду айыл тургундары тосуп алышканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол ачылган.

«Аламүдүн РИИБнин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Аламүдүн районунун акими жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери жеринде коомдук тартипти камсыз кылууда.

Буга чейин Чүйдүн Ленин, Кайырма жана Молдовановка айылдарынын тургундары Алма-Ата көчөсүн тосушкан. Алардын айылдарына тиешелүү жерлерди мыйзамсыз басып алууга каршылыгын билдирип, бийлик реакция кылбагандыктан жол тосууга мажбур болушканын айтышкан.

Количество просмотров: 819