• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Суу тартыштыгы. Арча-Бешикте тургундар тоскон жол ачылды

7 Кулжа 2023 19:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Түштүк магистралы боюнча кыймыл калыбына келтирилди. Бул тууралуу шаардык милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 7-июнь күнү саат 17:30 чамасында Шералиев көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде жарандар чогулуп, алар суунун жоктугунан нааразычылыгын билдирүү менен жолду тосушкан.

Ленин райондук милициясынын милиция кызматкерлери жашоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жол ачылган. Бишкек мэриясынын жана «Бишкек суу канал» ишканасынын өкүлдөрү бул маселе чечилерин убада кылышкан.

Количество просмотров: 127