• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үчүнчү чейректен тарта 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууну улантат

6 Үчтүн айы 202110:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кышкы каникулдан соң 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууну улантат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кышкы каникулдан кийин 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууга камылга көрүүдө. Ал эми Бишкек шаарындагы мектептер шаардык мэриянын уруксаты менен ачылат.

Өлкөдө билим берүү уюмдарынын негизги окуу планына ылайык, кышкы каникулдар 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейин созулат. Окуучулар 12 күн эс алышып, 2021-жылдын 11-январы — үчүнчү чейректин алгачкы окуу күнү.

Количество просмотров: 459