• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чөп саткан эки унаа өрттөнүп кетти

10 Кулжа 2023 9:23 Бишкек Govori.TV

Жайыл районунун Сосновка айылында эки оор жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, Сосновка айылына кайрылыш жолдо 2 оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 20:13тө Жайыл райондук №22 ӨКБдан 1,

ага улай саат 20:34тө 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча өрт Зил үлгүсүндөгү унаадан чыгып, өрттүн жалыны жанында чөп жүктөлгөн жүк ташуучу унаага өрткөн.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 247