• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өчүрүлгөн муздаткычта 994 кишиге жете турган доза болгон

19 Бугу 202117:31 Бишкек Govori.TV

Өчүрүлгөн муздаткычта 994 кишиге жете турган доза болгон. Бул тууралуу №2 үй-бүлөлөк медицина борборунун башчысы Жыргал Касымалиева билдирди.

Анын айтымында окуя 30-апрелде болгон.

«30-апрель күнү жумушка келгенде эмдөө бөлмөсүндөгү муздаткыч өчүп калган. Анын ичинде «Спутник V» вакцинасы болгон. Биз ошол замат Республикалык иммунопрофилактикалык борборуна кайрылып, жетекчиликке кабар бердик. Колдонууга болбой калган вакциналарга акт түзүлдү. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат», — деди ал.

Количество просмотров: 139