• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чукул кабар! Бишкекте ооруканада муздаткыч өчүрүлүп, 930 доза вакцина жарактан чыкты

19 Бугу 2021 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №2 үй-бүлөлөк медицина борборунда коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчүрүлүп, натыйжада 930 доза вакцина жараксыз болушу мүмкүн экендигин Govori.TVга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматты тактоо иретинде Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаиловага байланышканыбызда ал аталган маалымат боюнча кабары жок экенин айтты.

«Бизде бул тууралуу маалымат жок, комментарий бере албайм. Суроого жооп алуу үчүн Бишкек шаарындагы №2 Үй-бүлөлөк медицина борборунун жетекчилигине байланышсаңар болот. Алар Республикалык иммунопрофилактикалык борбор менен түз иштешет», — деди ал.

Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчкөнү тууралуу маалыматты ырастап, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Бул мүчүлүштүк муздаткычтан кеткен эмес. Атайы иликтөө жүргүзүп, вакцинаны өндүрүүчүлөрдөн маалымат алуу үчүн билдирүү жөнөттүк. Комиссия дагы түзүлдү, аталган вакциналар бүгүнкү күндө колдонулган жок. Бизде авариялык абал болгон учурда маалымдоочу система бар. №2 үй-бүлөлөк медицина борбору дароо Республикалык иммунопрофилактикалык борборго кабарлап, бизди чакырышкан. Жерине барып тааныштык. Муздаткычта «Спутник V» вакцинасы сакталган болчу. Мисалы, «SinoPharm» вакцинасы жылуулукта 55 саатка чейин турат. Ал эми «Спутник V» вакцинасына салыштырмалуу 2 саат гана боло алат. Аталган дозанын баардыгы жабыркаган эмес. Бул маселени вакцина өндүрүүчүлөр менен байланышып чечебиз, колдонуу жоболорун сурайбыз», — деди Ишенапысова.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Учурда Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө алкагында 2 вакцинаны колдонууда. Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жете турганы кабарланган. Ошондой эле, май айында коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасынын 420 миң дозасы келери айтылган. Кыргызстанда март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасынын алкагында 64 миңден ашуун адам эмделди.

Количество просмотров: 1622