• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Үч шаарда көчмө урна менен добуш берүү аяктады

11 Теке 2021 8:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоодо 2 276 адам шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берди. Ошто 1 027, Токмок шаарында 203 киши көчмө урна менен добуш берди. Добуш берүү үч шаарда тең саат 18:00дө аяктады.

Мыйзам боюнча участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилип, бирок ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочуларга добуш берүүгө бир күн калганда шайлоо тилкесинен тышкары жайда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 40