• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Үч жаштагы кызын сатууга аракет кылган аял кармалды

29 Чын куран 2021 9:30 Бишкек Govori.TV

Үч жаштагы кызын сатууга аракет жасаган Навои облусунун Үчкудук районунун тургуну кармалды.

Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасынын Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү департаменти кабарлады.

Шектүү кызын 60 миллион сумга (5700 доллар) сатууга ниеттенген жана белгиленген сумманы алып жаткан маалда кармалган.

Ага карата Кылмыш кодексинин “Адам соодалоо” беренеси боюнча иш козголду.

Количество просмотров: 82