• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Чачтары тоңуп «муз бала» атыккан өспүрүмгө эл 15 миң доллар чогултуп берди  

16 Үчтүн айы 2018 11:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.18.Govori.TV

Мындан бир нече убакыт мурун кытайлык 8 жаштагы  Вань Фумань аттуу  өспүрүм мектепке жетиш үчүн 5 чакырым жолду жөө басып, чачтары муз болуп тоңуп, «Муз бала» атыгып, дүйнө элине таанымал болгон.

Анын бубак баскан чачынын, суукка туурулган колдорунун  сүрөтү  интернет айдыңында тараган соң, дүйнө жүзүнүн булуң бурчунан баланын тагдырына кайдыгер карабаган кайрымдуу адамдар ага жардам берүүнү каалашкан. Жыйынтыгында боорукер адамдар бир нече күн ичинде эле ага 100 миң юань (болжол менен 15 миң доллар) чогултушкан.

Бул акча Вань Фуманьдын кышкы киимине гана эмес, анын классташтарынын да кийимине, мектептин жылуулулук берүүчү шаймандарын да оңдоп түзөөгө жетет. Кызыгы акчалай жардам баланын эсебине дагы деле тынбай түшүп жатат.

Белгилүү болгондой, бөбөк айылда чоң энеси жана эжеси  менен жашап жаткан. Ал интернет айдыңында таанымал болгондон кийин анын чет жерде иштеп жүргөн атасы кайтып келген. Кайрымдуу адамдар баланын атасына үйүнө акын жерден жумуш таап беришкен.

Тилекке каршы, Кытайда мындай катаал шарттарда жашаган миңдеген бөбөктөр бар. Бирок алардын баары эле элге таанымал болуп, жардам ала алышпайт.

Мисалы, Кытайдын Сычуань түштүк провинциясында Атулеэр айылында жашаган окуучулар мектепке жетиш үчүн, күнүгө аскага 800 метр өйдө шаты аркылуу чыгууга муктаж.

https://www.youtube.com/watch?v=YJEsaBO1vWk&feature=youtu.be

Количество просмотров: 7