• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чагылган тийип өлгөн койлор көмүлдү

9 Теке 202412:08 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган тийип өлгөн койлор көмүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, күн мурун чагылгандын кесепетинен 149 баш кой, 71 баш козу жана 7 эчки, жалпысынан 227 баш мал чыгым болгондугу такталган. Алар ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү.

Бактыга жараша чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.

Количество просмотров: 111