Индияда чагылгандын кесепетинен 110 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү департаментине шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-июнда болгон. Каза болгондордон тышкары 32 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
«Уттар-Прадеш жана Бихардагы айрым райондордо бир нече адам каза болгону тууралуу трагедиялуу маалымат түштү. Штаттардын өкмөтү жардам берүү боюнча ыкчам иштеп жатышат, — деп жазган ал.
Жашоочуларга туруксуз аба ырайында үйдө болуу керектиги эскертилди. Ошондой эле аталган аймактарда катуу жаан жаашы күтүлүүдө. Каза болгондордун туугандарына 400 миң рупийден төлөнүп бериле турганы айтылууда.