Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн күркүрөп, чагылган түшкөндө эмнени эске алуу керектигин айтты.
Алар:
Эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;
Мешке от жакпаңыз! Анткени, меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;
Уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз, себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;
Эгерде сиз токойдо болсоңуз анда ачык аянтка шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;
Суу объектисинде, же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.