• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Чапаныңызды чечип алабы?”. Жапаров министрдин орун басарын урушту

28 Бештин айы 2022 15:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат. Анда министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралууда.

Жыйын учурунда президент Садыр Жапаров Каржы министринин орун басары Руслан Татиковду депутаттын суроосуна туура эмес жооп бердиң деп тургузуп алып урушту.

«Сиз канча жылдан бери иштейсиз минисрликте? Өткөндө ЖКга бардыңыз депутаттардын суроолоруна жооп берин жатып, «Биз келген эки жылда өлкө канча карыз алды?» десе 7 миллиард доллар деп жатасыз, а «канча карызбыз бар?» десе 11 миллиард доллар дедиңиз, мындай сандарды кайдан алдыңыз?», — деп суроо узатты.

Президенттин суроосуна жооп берип жатып, министрдин орун басары депутаттын суроосун туура эмес түшүнүп алып жооп берип алганын билдирди.

«Түшүнбөй калсаңар, чапаныңызды чечип алмак беле тактап сурап жооп бергиле да. «Сиз кайсы жылдан бери сурап деп жатасыз» деп сурабайсыңарбы. Андай сандар менен депутаттын күнүн туудуруп жатпайсыздарбы. «Мына сырттан карыз алып келип туруп, айлыктарды, пенсияларды көтөрүп жатышат» деп… Же эмне сүйлөшүп алып жасап жатасыңарбы, калкты дүрбөтүш үчүн?», — деди президент.

Белгилей кетсек, иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Количество просмотров: 1185