• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чаткалда изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды

16 Жалган куран 202311:52 Бишкек Govori.TV

Чаткалда изделип жаткан жарандын жансыз денеси дарыядан табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылынын 1971-жылы туулган жараны М.К. 1 күндөн бери дайынсыз болуп жатат деген маалымат ыкчам нөөмөт бөлүмүнө саат 08:42де түшкөн.

Издөө иштерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн атайын ыкчам автоунаасы менен 12 куткаруучу жерине саат 09:00дө тартылып, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын жансыз денесин Чаткал дарыясынын Кайың-Суу тилкесинен табылып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 520